Ссылки доступа

Орусияда адамдардын жапырт уулануусуна байланыштуу тажикстандык ашпоз камакка алынды


Москвада сот тамакка жапырт уулануу ишинин алкагында "Савон-К" компаниясынын ашпозу, Тажикстандын жараны Карим Норматовду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Буга чейин ал Орусиядан чыгып кетүүгө аракет кылган учурда аэропортто кармалган.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, иштин алкагында ошондой эле "Кухни на районе" компаниясынын директору Антон Лозин, сапатты көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Елена Машкова жана "Савон-К" компаниясынын коммерциялык директору Владимир Шин үй камагына алынды. Тергөөчүлөр алар далилдерди жок кылууга аракет кылганын айтып, тергөө абагына камакка алууну өтүнүшкөн.

"Кухня на районе" сервисинен буйрутма менен алынган тамакка ууланган Москванын 120дан ашык тургуну ботулизм шеги менен дарыгерлерге кайрылган. Алардын 50дөн көбү оор абалда ооруканага жаткырылса, 20сы реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Адамдар ботулизм диагнозуна шектелген учурлар Нижный Новгород жана Казан шаарларында да катталган. Роспотребнадзор мекемеси адамдардын уулануусуна "Савон-К" компаниясы даярдаган консерваланган төө буурчак себеп болгонун билдирди. Маалыматка караганда, текшерүүлөрдөн кийин 172 тоннадан ашык кооптуу азык сатыктан алынган.

Кылмыш иши "Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү" беренеси менен тергелүүдө. Мыйзамда бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

XS
SM
MD
LG