Ссылки доступа

Тажик өкмөтү Байланыш кызматы көзөмөлдөгөн компаниялардын салык карызын кечти


Тажикстандын өкмөтү Байланыш кызматына баш ийген эки мамлекеттик компаниянын –  «Тажиктелеком» жана «Электромагниттик шайкештик жана радиомониторинг борборунун»  135 миллион сомони (12,7 миллион доллар) өлчөмүндөгү карызын кечти.

Байланыш кызматын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кудасы Бег Сабур жетектейт.

“Тажиктелеком” ААКнын карызы 97,4 миллион сомонини (9,1 миллион доллар), “Электромагниттик шайкештик жана радиомониторинг борбору” мамлекеттик ишканасынын карызы 37,4 миллион сомонини (3,5 миллион доллар) түзөт. Бул карыздар кайсы мезгилде топтолгону көрсөтүлгөн эмес.

2022-жылы өкмөт “Тажиктелекомдун” 67 миллион сомониден ашык (болжол менен 6,7 миллион доллар) салыгынын төлөм мөөнөтүн жылдырган болчу, анын ичинде туумдар жана пайыздар бар. 2021-жылы компания 5,5 миллион сомони карызын төлөөдөн бошотулган.

Бул арада “Азия-Плюс” агенттиги 2024-жылдын биринчи жарымында Байланыш кызматына караган ишкана-компаниялардын кирешеси 35,5%га көбөйүп, 124 миллион сомониге (11,6 миллион доллар) жеткенин кабарлады. Кээ бир эксперттер мындай салык жеңилдиктери базар атаандаштыгын бузат деп эсептешет. Эксперттер рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдиктүү эрежелерди түзүүгө чакырышат.

XS
SM
MD
LG