Оорукананын башкы дарыгери Мариам Лапуникованын айтымында, премьер-министр аны дарылоону үйүндө улантууну өзү өтүнгөн. "Мындан ары ал үйүндө дарыланып, калыбына келтирүү процедураларынан өтөт. Учурда сакаюу процесси ийгиликтүү жүрүүдө", – деди башкы дарыгер.
Фицо кол салууга кабылгандан бери коомчулукка чыга элек жана эч кандай билдирүү жасай элек. Анын тарапташтары менен өкмөт мүчөлөрү да премьер-министр алар менен кандайдыр бир саясий темада сүйлөшкөн-сүйлөшпөгөнү боюнча эч нерсе айткан жок.
Фицого кол салуу 15-майда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Гандлова шаарында болгон. Премьер-министр шаардагы Маданият үйүндө өкмөттүн көчмө жыйынын өткөргөндөн кийин көчөгө чыгып, жол боюнда турган адамдар менен учурашканы барган учурда ага ок атылган. Анда кол салуу жакын аралыктан жасалгандыктан, Фицонун жансакчылары аны октон сактап калууга үлгүрбөгөнү маалымдалган. Колунан жана курсагынан жараат алган өкмөт башчы тик учак менен жакынкы Банска-Бистрица шаарына жеткирилип, дароо операция жасалган.
Кол салууга шектүү катары 71 жаштагы адабиятчы жана саясий активист Юрай Цинтула кармалган. Сотто ал Фицонун өкмөтүнүн саясатына каршы болгондуктан кол салганын айткан.
Роберт Фицо беш миллиондой калкы бар Словакиянын өкмөт башчысы болуп үчүнчү жолу былтыр октябрда дайындалган. Шайлоо өнөктүгү маалында ал Украинага аскердик жардамды токтотуу зарылдыгын, Орусияга киргизилген санкцияларга каршы экенин айтып келген. Ал буга чейин 2006-2010-жылдары, 2012-2018-жылдары өкмөттү жетектеген.