Reuters агенттиги кабарлагандай, Байдендин бул реакциясы Ирландия, Испания жана Норвегия Палестинаны мамлекет катары ушул айдын аягына чейин таануу ниетин билдиргенден кийин жарыяланды.
Агенттик белгилегендей, Вашингтондун реакциясы - АКШны аталган өлкөлөр иш жүзүндө жок мамлекетти бир тараптуу тааный турганын жарыялаганы тынчсыздандырып жатканын көрсөтүүдө.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Палестина мамлекетин таануу боюнча ар бир өлкө өз алдынча чечим чыгара аларын билдирди. Бирок АКШ президенти тараптардын ортосунда түз сүйлөшүүлөр эң жакшы ыкма болот деп эсептеп жатканын белгиледи.
Учурда Европа мамлекеттеринин арасынан Палестинанын көз карандысыздыгын Болгария, Венгрия, Кипр, Мальта, Польша, Румыния, Швеция, Словакия жана Чехия тааныйт. Жалпысынан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 өлкөнүн 143ү Палестинаны өз алдынча мамлекет деп эсептейт. Арасында Кыргызстан да бар. Бишкек Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган.