Ссылки доступа

Тажикстанда банкирди өлтүрүүгө айыпталган беш киши өмүр бою эркинен ажыратылды


Шурхат Исматуллоев
Шурхат Исматуллоев

Тажикстандын Жогорку соту "Ориёнбанктын" башчысынын мурдагы орун басары Шухрат Исматуллоевди өлтүрүүгө айыпталган 14 кишинин бешөөнү өмүрүнүн аягына чейин эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, эң жогорку жаза Дилшод Саидмуродовго, Камаруззамон Азизовго, Акбар Ахмадовго, Бахтовар Сафаровго жана Шохрух Хужаевге чегерилди. Калган тогуз айыпталуучу 1 жылдан 8 жылга чейинки түрдүү мөөнөттөргө соттолду.

Быйыл январь айында башталган сот жараяны жабык өттү.

Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон кылмышка тиешеси бар адамдар жалпысынан 18 экенин, алардын экөө издөөдө жүргөнүн, дагы экөө каза болгонун (бирөө тергөө абагында) февраль айында билдирген.

49 жаштагы Шухрат Исматуллоевди былтыр 23-июнда уурдап кетишкен. Башкы прокуратура аны уюшкан кылмыштуу топ машинага күчтөп салып кетип, ур-токмокко алып, кыйнап өлтүргөнүн, кылмыштин изин жашыруу максатында сөөгүн Душанбе – Чанак автожолунун 130-чакырымындагы Заравшан суусуна таштап жиберишкенин маалымдаган.

Маркумдун сөөгү 15-августта Пенжикент шаарынын чет жакасындагы Саразм кыштагынан табылып, 30-августта жерге берилген.

XS
SM
MD
LG