Иликтөөлөргө ылайык, Назриевдин Душанбе шаарында төрт батири, өлкөнүн түштүгүндө бир үйү жана Дубайдын кымбат аймактарынын биринде батири бар.
Журналисттик иликтөөнү 26-июнда Azda телеканалы менен Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP) жарыялаган. Материалда Назриев 2012-жылы Дубайдан 120 миң долларга батир сатып алганы айтылат.
Шахрёр Назриев белгилүү окумуштуу, ырчы Журабек Назринин уулу. Ал Тажикстандын укук коргоо органдарында отуз жылга жакын убакыттан бери иштейт.
Тажикстан эл аралык жардамга муктаж өлкө. Андыктан тажик аткаминерлери менен алардын жакындарынын чет өлкөдө кымбат баалуу мүлктөрүнүн болушу иликтөөчү журналисттердин көңүлүн бурган.
«Тажикстанда укук коргоо органынын кызматкери Дубайдан 120 миң долларга батир сатып алуу үчүн кырк жыл тынымсыз иштеши керек», — деп жазышкан материалдын авторлору.