Ссылки доступа

Чехия: орус агенттеринин бири тажик паспортун колдонгон


Чех полициясы 2014-жылы Врбетице кыштагындагы аскердик кампаларда болгон жардырууларды иликтөөнү аяктады.

Бул тууралуу өлкөнүн Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук борбору (NCOZ) билдирди.

Тергөө жардырууларды уюштуруунун артында орус аскерий чалгын кызматы турат, ал эми кылмышкерлер 2018-жылдын мартында Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы агенти Сергей Скрипалды жана анын кызын ууландырууга катышкан агенттер Анатолий Чепига менен Александр Мишкин деген тыянакка келген.

Чепига Руслан Табаровдун наамындагы тажик паспортун, ал эми Мишкин Николай Попанын наамындагы Молдова, ошондой эле Руслан Боширов жана Александр Петровдун наамындагы орус паспортторун колдонгон.

2021-жылы Тажикстандын Ички иштер министрлиги орус жаранына Руслан Табаровдун атына тажик паспорту берилгени тууралуу маалыматты четке каккан.

2014-жылы 16-декабрда Чехиянын Врбетице кыштагында 50 тонна ок-дары жарылып, эки адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG