14-июнда «Ховар» улуттук маалымат агенттиги тажик парламентинин төмөнкү палатасынын билдирүүсүнө таянып, Башкы прокуратура Усмонзоданы өлкөдө тыюу салынган Тажикстандын Улуттук альянсынын лидерлери менен кызматташкан, Тажикстанда бийликти басып алуу үчүн оппозиция лидердери менен кутумга барган деп айыптап жатканы тууралуу маалыматты жарыялады.
Башкы прокурор Юсуф Рахмон парламенттин төмөнкү палатасынын кезектеги жыйынында Саиджафар Усмонзода 2021-жылдын сентябрь айында Тажикстандын Улуттук альянсынын лидерлеринин бири Шарофиддин Гадоев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү, Усмонзодага каржылык жардам көрсөтүүнү убада кылганы аныкталганын билдирди.
Депутаттар башкы прокурордун Сайжафар Усмонзоданы депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушун канааттандырышты.
Сайжафар Усмонзоданын жана жакындарынын ага коюлган айыптар боюнча пикири кандай экени азырынча белгисиз.
11-майда Тажикстан Демократиялык партиясынын кезексиз курултайы өтүп, Саиджафар Усмонзода “канааттандырарлык эмес иш алып барганы үчүн” партиянын төрагалыгынан четтетилген.
31-майда Тажикстандын Юстиция министрлиги Демократиялык партиянын чуулгандуу курултайын легитимдүү деп таап, Шахбоз Аброрду анын лидери деп тааныган.
Сайжаффар Усмонзода өзүн партиянын мыйзамдуу лидери деп атап, Юстиция министрлигин Шахбоз Аброрду Демократиялык партиянын жетекчиси деп тааныган чечимин жокко чыгарууга чакырган.
2013-жылы Юстиция министрлиги бир айлык текшерүүнүн жыйынтыгында партиянын жаңы уставын каттоодон өткөрүп, Саиджафар Усмонзоданы партиянын төрагасы деп расмий тааныган. Эки жылдан кийин ал Фархор шайлоо округунан Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасына депутат болуп шайланган. Мурдагы демократтар Усмонзоданы Демократиялык партияны "чөнтөк" партияга айланткан деп айыптап келишкен.