Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 30-апрелде билдиргендей, бул сүйлөшүү орус тараптын демилгеси менен ишке ашты.
29-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Орусиянын аймагында Тажикстандын жарандарына жасалган орой мамиле жана алардын укуктарынын одоно бузулушуна байланыштуу” Орусиянын Душанбе шаарындагы элчиси Семен Григорьевге нааразылык нотасын тапшырган.
Сергей Лавров Сирожиддин Мухриддинге “Крокус Сити Холлдогу” трагедиялуу окуялар Орусияга келген чет элдик жарандарды тыкыр текшерүүнүн негизги себеби болуп калганын айткан.
"Көрүлүп жаткан чаралар убактылуу мүнөзгө ээ экени, алардын белгилүү бир улутка же динге каршы багытталбагандыгы жана көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы абал акырындык менен жөнгө салынары өзгөчө баса белгиленет", — деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Тажикстандын тышкы саясат мекемеси 27-апрелде Москвадагы “Внуково” аэропортунда 1000ге жакын тажик жараны кармалып турганын билдирген. Арасында Орусияда билим алып жаткан студенттер да бар.
22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити Холл” борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.
Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.