Судья Трэйси Портер экс-президент козголоң аракетине тиешеси болгону үчүн мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыраганын билдирип, аны шайлоо бюллетендеринен алып салуу чечимин кабыл алды. Ошол эле маалда ал Трампта апелляция берүү мүмкүнчүлүгү болсун деп, бул чечиминин аткарылышын бир нече күнгө жылдырды. Иллинойс штатында праймериз 19-мартта өтөт.
Трамптын өкүлү судьяны "саясий бир тараптуулукка" айыптап, анын чечими башка көптөгөн штаттардагы соттор менен шайлоо комиссияларынын чечимдерине каршы келерин белгиледи. Ал Трэйси Портердин бул чечими боюнча жогорку баскычтагы сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын кошумчалады.
Иллинойс Трампты шайлоо бюллетендеринен чыгарууга аракет кылган үчүнчү штат болуп калды. Буга чейин Колорадо жана Мэн штаттарында да ушундай эле чечимдер кабыл алынган. Учурда Трамп ал чечимдер боюнча соттошууда.
Жакында АКШнын Жогорку соту Колорадодогу соттун өкүмүнүн Конституцияга туура келер-келбеси боюнча чечим чыгарат. Апелляциялык арыз каралып бүткөнчө Трамптын аты-жөнү шайлоо бюллетендеринде кала берет.