Ссылки доступа

Тажикстанда окуучулардын мектепке автоунаа жана мотоцикл менен баруусуна тыюу салынды


Тажикстанда окуучулардын мектепке автоунаа менен баруусуна тыюу салынды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өлкөдө марттын башында кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамга шилтеме кылып кабарлады.

"Окуучуларга билим берүү мекемелерине механикалык транспорттук каражаттар менен барууга тыюу салынат", – деп жазылган мыйзамдын 10-беренесинде.

Мыйзамдын авторлору түшүндүргөндөй, мында кеп жеке автоунаалар менен катар эле мотоциклдер жана мопеддер жөнүндө да болууда.

Президент 1-мартта кол койгон мыйзамга ылайык, окуучулар ошондой эле милдеттүү түрдө мектепти аяктап же 9-класстан кийин окуусун техникумдар менен коллеждерде улантышы керек болот.

XS
SM
MD
LG