Ссылки доступа

АКШда орус армияcына көмөк көрсөтүүгө айыпталган тажикстандык күнөөсүн мойнуна алды


Салимжон Насриддинов
Салимжон Насриддинов

Көп жылдардан бери АКШда жашаган тажикстандык, 53 жаштагы Салимжон Насриддинов (анын тажик жана орус жарандыгы бар) жана анын өнөктөшү, 38 жаштагы Николай Гольцев (Орусия жана Канаданын жараны) экспорттук көзөмөлдү бузуу боюнча кутум уюштурганын мойнуна алышты.

Алар санкцияларды кыйгап өтүп, Орусияга армиянын муктаждыгы үчүн колдонулушу мүмкүн болгон америкалык электрониканы жеткирүүгө айыптылып жаткан.

Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги билдирди.

Бруклин федералдык сотунун кезектеги соттук отурумунда Насриддинов менен Гольцев орусиялык "Тесткомплект", "Радиавтоматика", "ЭКВ-Нева" жана "Комтек" компаниялары үчүн америкалык компаниялардан кош максаттуу жабдууларды (жарандык жана аскерий) сатып алууда ортомчулук кылышканын моюнга алышкан.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, айыпталуучулар сатып алган электрондук тетиктер кийинчерээк Украинада конфискацияланган орусиялык аскердик техникадан табылган.

АКШнын Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Насриддинов менен Гольцев 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Украина кеңири масштабда кол салууга дуушар болгондон кийин АКШ Орусияга аскерий тармакта колдонула турган электрондук жабдууларды экспорттоого тыюу салган.

“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, Салимжон Насриддинов америкалык компаниялардан жабдууларды жана электрониканы сатып алуу үчүн 2021-жылы жайында Бруклинде SH Brothers Group (SH Брозерс Груп) компаниясын каттоодон өткөргөн.

Ушул эле максатта Насриддинов 2023-жылы январда SN Electronics компаниясын түзүп, аны жубайынын наамына каттаткан.

Тергөөдө далилденгендей, Насриддинов менен Гольцев Бруклиндеги америкалык компанияларга кош максаттагы (жарандык жана аскердик) жабдууларга тапшырык беришкен. Товарды алгандан кийин кайра таңгакташып, Гонконг, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан ортомчу компаниялар аркылуу Орусияга жөнөтүп турушкан.

Салимжон Насриддинов Америкадагы тажик диаспорасынын арасында абдан белгилүү. Ал ийгиликтүү ишкер жана Бруклиндеги “Тандури” ресторанынын ээси экени айтылып келет.

Насриддинов көп жылдар бою Орусияда иштеп, Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушу үчүн жабдууларды сатып алууга жана жөнөтүүгө жардам берген. Экономика илимдеринин доктору, диссертациясын Орусияда жактаган.

XS
SM
MD
LG