Ссылки доступа

Орусияда тажик жараны терактты актоо айыбы менен кармалды


27-мартта Санкт-Петербург шаарында Тажикстандын жараны "терактты актоо" айыбы менен кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин Санкт-Петербург аймактык башкармалыгы билдирди.

Astra басылмасы билдиргендей, айыпталуучу 26 жаштагы Баходур Зухуров. Ал күнөөлүү деп табылса беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Орусиянын Тергөө комитети жарыялаган видеодо Зухуров кечирим сурап, "мындай окуя экинчи кайталанбай турганын" айткан.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал Телеграм-чаттардын биринде "Крокус Ситидеги" кол салуунун видеосун жарыялап, терактты "актоонун белгилери камтылган" комментарий жазган.

Күн мурун Санкт-Петербургдун Приморье райондук соту миграциялык мыйзамдарды бузууга айыпталган Тажикстандын жараны Ахмад Файзулохонзодага 5 миң рубль өлчөмүндө айып пул салып, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу Петербург сотторунун басма сөз катчысы Дарья Лебедева билдирген.

Анын айтымында, Файзулохонзода "Ислам мамлекети" террордук тобу "Орусияда теракт жасоо үчүн" адамдарды азгырган телеграм-чатка катталганы аныкталган. "22-мартта "Крокус Сити Холлдогу" терактты жасаган адамдарды дал ушул канал аркылуу азгырышкан", – деп жазган Лебедева.

22-мартта "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон терактта бери дегенде эле 143 киши өлүп, дагы 190дой адам жараат алган.

XS
SM
MD
LG