Ссылки доступа

Татарстандагы тажик мигранттары: "Бизди Украинадагы согушка барууга мажбурлап жатышат"


Татарстандагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борбордо кармалып турган тажик мигранттары Тажикстандын бийлигине жардам сурап кайрылышты.

"Борбордун кызматкерлери жаштарды Украинадагы согушка катышуу үчүн келишимге кол коюуга мажбурлап жатышат. Айрым мигранттардын бул борбордо кармалып турганына бир жыл болуп калыптыр", – деп билдирди "Мигрант Медиа" долбооруна видеокайрылуу жөнөткөн тажикстандыктардын бири. Редакция анын коопсуздугу үчүн аты-жөнүн ачык жарыялаган эмес.

Ал Татарстандын борбору Казан шаарынан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан борбордогу 200дөн ашык кишинин арасында кош бойлуу жана балалуу келиндер да бар экенин, аларга эч ким көңүл бурбай жатканын айтты.

"Мен Орусияга 10 күн мурда эле келгем. Документтеримдин баары жайында, бирок мени эч кандай негизсиз эле кармап, 4 миң рубль айып пул салышты. Бул жакта бардык уруксат кагаздары бар адамдар да кармалууда", – деди ал.

Анын айтымында, борбордун кызматкерлери мигранттарга начар мамиле кылууда. "Шарттары, тамак-ашы жакшы эмес. Сегиз күндө бир гана жолу мончого түшүүгө уруксат беришет. Бул жерде Өзбекстандан келген мигранттар да бар. Бирок борбордун кызматкерлери тажиктерди гана кемсинтип, начар мамиле кылышат. Анткени биздин артыбызда эч ким жок, колдоорубуз жок. Айрымдарыбыз өз акчабызга билет алып кетүүгө деле макулбуз, бирок уруксат бербей жатышат. Бул өлкөдө биздин элчилик барбы деги? Алардан эч кандай жардам болбой жатат. Эркектер го эптеп чыдап жатабыз, бирок кош бойлуу аялдарга оор болууда", – деди ал.

Орусияда тажик мигранттарын кармоо, камакка алуу жана депортациялоо учурлары бир жылдан бери уланууда. "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы терактка шектүү катары Тажикстандын бир нече жараны кармалгандан кийин мындай учурлар кескин көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG