Аны менен бирге Тажикстандан дагы 12 мигрант болгон, алардын документтери да текшерүүгө алынган.
8-сентябрда эртең менен Жумаев дагы тогуз тажик мигранты менен бирге Душанбеге жөнөтүлгөн. Жумаевдин айтымында, паспортун кайтарып беришкенде документте депортация мөөрү болгон эмес.
Жумаев акыркы төрт жылдан бери Москвада жашап, эки ай мурун мелдешке катышуу үчүн Тажикстанга учуп кеткен. Орусияга киргизилбеген себебин биле алган жок. Бирок ал Москвада жашап жүргөндө кандайдыр бир эреже бузулган болушу мүмкүн деп болжоп жатат.
Рамазан Жумаев Тажикстандагы самбо жана дзюдо боюнча көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү.