Ссылки доступа

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлерди чет паспортторун тапшырууга мажбурлашууда


Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен чет өлкөгө чыгуу үчүн талап кылынган биометрикалык паспортторун тапшырууну, же чет паспортунун жок экенин тастыктаган документти көрсөтүүнү талап кылышууда.

Мындай талап 9-сентябрда жарыяланып, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, транспорт жана коммуналдык кызматтардын кызматкерлерине тиешелүү болуп калды.

Жер-жерлерде жергиликтүү бийлик ар бир адам бул буйрукту так аткаруусу керектигин эскертти. Болбосо кызматкерлер иштен бошотулушу мүмкүн. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, эртеси эле кызматкерлер кечке чейин иштеген миграциялык кызматка паспортторун тапшыра башташкан.

Буйруктун себептери расмий түшүндүрүлгөн жок, бирок бул жумушчулардын нааразычылыгын жаратууда. Соңку кездерде бюджеттик мекемелерде жумуш иштөө же туруктуу жашоо үчүн чет өлкөгө кетүүнү каалагандар көбөйгөнү айтылып жаткан. Бул арада жогорку окуу жайлардын студенттери да биометрикалык паспортторун тапшырууга милдеттендирилгени айтылды.

XS
SM
MD
LG