Ссылки доступа

Өзбекстанда Украинадагы согуш тууралуу "Чыгыш фронту" тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды


Өзбекстандын Маданият министрлиги документалдык тасмалардын "Артдокфест – Азия" фестивалынын алкагында режиссерлор Виталий Манский менен Евгений Титаренконун "Чыгыш фронту" аттуу Украинадагы согуш тууралуу тасмасын көрсөтүүгө тыюу салды. Бул жөнүндө Манский өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Анын айтымында, мындан тышкары Өзбекстандын Маданият министрлигинин көрсөтмөсү менен фестивалдык программадагы башка көрсөтүүлөрдүн баарына тең тыюу салынды.

"Бул көз карандысыз 139 Documentary Center аянтчасы иштей баштаган төрт жылдан берки мындай алгачкы учур болууда. Саламатсыңбы, "Орус дүйнөсү" – деп жазды режиссер.

"Чыгыш фронту" тасмасынын премьерасы 2023-жылы 24-мартта – Орусиянын Украинага каршы согуш баштаганынын бир жылдыгына карата Берлинале фестивалында болгон.

Тасмада үй-бүлөлөрүн алыскы тылга жеткирип, өздөрү ыктыярчы катары фронтко жөнөгөн беш украиналык жөнүндө айтылат. Фильм 2022-жылы 24-мартта – согуштун алгачкы күндөрү тартыла баштап, ага "Настоящее Время" телеканалы колдоо көрсөткөн.

Документалдык тасмалардын "Артдокфест" фестивалын режиссер Виталий Манский 2007-жылы Москвада негиздеген. 2020-жылы орус бийлигинин басымы күчөгөнүнө байланыштуу фестиваль Ригага көчүрүлүп, бүгүнкү күндө Балтика жана Чыгыш Европа документалистикасынын форуму катары ишин улантууда.

Өзбекстанда документалдык тасмалардын "Артдокфест – Азия" фестивалы алгачкы жолу 2021-жылы 139 Documentary Center аянтчасында өткөн.

XS
SM
MD
LG