Ссылки доступа

Босния жана Герцеговинадагы мектепте ок атылып, үч киши каза болду


Босния жана Герцеговинанын түндүк-батышындагы Сански-Мост шаарында мектеп кызматкери өз кесиптештерине ок атып, үч киши каза болду.

Маалыматка караганда, кол салган адам өз жанын кыюуга да аракет кылып, бирок аман калган. Полиция кызматкерлери аны оор абалда ооруканага жеткиришти.

Полиция ал аскердик автоматтан ок атканда мектептин директору, анын катчысы жана бир мугалим каза болгонун билдирди. Жайкы каникулдардан улам мектепте балдар болгон эмес.

Полиция кол салган адам мектепте тазалоочу болуп иштегенин аныктады. N1 телеканалы мектеп кызматкерлеринин айткандарына таянып, ал мекеме жетекчилиги менен чатакташып кеткенин кабарлады. Мындан тышкары, ал 1990-жылдардагы жарандык согуштан кийин посттравматикалык стресс менен жабыркай турганы белгилүү болду.

Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, Балкандагы жарандык согуштан кийин аймактагы жашоочулардын колунда көп сандаган катталбаган куралдар калган. БУУнун 2010-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Босния жана Герцеговинада эле 750 миңге жакын мыйзамсыз ок атуучу курал болгон.

XS
SM
MD
LG