Ссылки доступа

Дагестанда куралуу кол салуудан курман болгондордун саны 20га жакындады


Dagestan
Dagestan

Дагестанда синагогага, чиркөөлөргө жана укук коргоо кызматкерлерине кол салуудан каза болгондордун саны 20га жакындады. Алардын 15и полиция кызматкерлери.

Каза болгондордун арасында Дербенттеги чиркөөнүн протоиерейи Николай Котельников да бар. Бул тууралуу өлкөнүн башчысы Сергей Меликов билдирди.

Дагестандын Ички иштер министрлиги 16 киши жабыркаганын кабарлады: 13 полиция кызматкери жана үч жаран ооруканага жаткырылды.

Дагестандын башчысы Махачкала менен Дербентте бир күн мурда жарыяланган антитеррордук операциянын активдүү фазасы аяктап, кол салгандардын алтоо өлтүрүлгөнүн билдирди. Тергөө комитети "Теракт" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

23-июндун кечинде Дагестандын эки шаарында - борбор калаасы Махачкалада жана андан 130 чакырымдай аралыктагы Дербентте дээрлик бир маалда куралчан адамдардын кол салуусу болгон. Махачкалада православ храмы, синагога жана полициянын кайгуул бекети, ал эми Дербент шаарында православ храмы жана синагога бутага алынган.

ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, кол салгандардын арасында Дагестандын Сергокалинск облусунун башчысы Магомед Омаровдун эки уулу – Осман жана Адил бар. "Интерфакс" кол салууга чиновниктин жээни да катышканын жазды. Агенттиктин өз булагы үчөө тең каза болгонун билдирди. Магомед Омаров кармалып, ФСБ кызматкерлери тарабынан сурак берүүдө.

Омаров "Бирдиктүү Орусияны" дискредитациялаган аракеттери үчүн партиядан чыгарылганы кабарланды. Анын баракчасы партиянын сайтынан алынды.

24, 25 жана 26-июнь Дагестанда Махачкала жана Дербентте курман болгондор үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG