Ссылки доступа

Душанбедеги "Чоң шлем" турнирине дзюдо жылдызы Тедди Ринер катышат


Тедди Ринер
Тедди Ринер

Тажикстандын борборунда 3-майдан 5-майга чейин биринчи жолу "Dushanbe Grand Slam 2024" турнири өтөт.

"Чоң шлем" турнирин Душанбеде өткөрүү демилгесин Душанбе мэриясы жана Тажикстандын дзюдо федерациясы көтөрүп, Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) бул демилгени колдогон.

Натыйжада 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына тандоо мезгилинде дүйнөнүн мыкты дзюдочулары Душанбеде өтө турган "Dushanbe Grand Slam 2024" турнирине чогулуп, дүйнөлүк рейтингдеги упайлар жана олимпиадалык жолдомолор үчүн ат салышат.

Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтында маалымдалгандай, бүгүнкү күнгө карата 72 өлкөдөн 446 спортчу (242 эркек жана 204 аял) "Dushanbe Grand Slam 2024" мелдешине катышууга арызын тапшырган.

Алардын арасында дүйнөгө белгилүү көптөгөн спортчулар бар. Маселен, дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында эң көп ийгиликке жеткен спортчу, 35 жаштагы франциялык Тедди Ринер +100 кг салмакта күч сынашат.

XS
SM
MD
LG