Иш таштаган ак халатчандар козголгон кылмыш ишин тез арада иликтөөнү жана аялдар үчүн коопсуз иштөө шарттарын түзүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Өлкөнүн ар кайсы аймактарында дарыгерлер нааразылык акцияларын уюштуруп, жардамга муктаж бейтаптарды кабыл алуудан баш тартышты. Өкмөт аларды ишке кайтып келүүгө чакырып, медициналык кызматкерлерди коргоону жакшыртуу боюнча комитет түздү.
31 жаштагы Мумита Дебнатхтын сөөгү 9-августта табылган. Полициянын маалыматы боюнча, ал Калькутта шаарындагы ооруканада зордукталып, андан соң өлтүрүлгөн. Маркумдун жакындары Мумитаны бир топ адамдар зордуктаганын айтышкан. Бирок полиция азырынча бир гана адамды кармады. Шектүү полициянын волонтеру – Санжай Рой. Ал кылмыш жасаганын мойнуна алган.
Аялдарга карата зордук-зомбулук Индияда өтө курч көйгөйгө айланууда. 2022-жылы полицияга зордуктоо боюнча 30 миңден ашык арыз түшкөн.