Ссылки доступа

Казакстанда төрт окуучу классташын жарым жылдан ашык сексуалдык кулчулукта кармашкан (видео)


История секс-рабства школьницы в Казахстане, которую власти хотели скрыть от общественности
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00

Кызылорда шаарында төрт мектеп окуучусу классташын алты айдан ашык сексуалдык кулчулукта кармаган: алар кыздын денесин сатууга мажбурлап, тапканын тартып алышкан, эгер баш тартса, өлтүрүп, ата-энесин жазалайбыз деп коркутушкан.

Бул коркунучтуу окуя 2024-жылдын январында башталган. Кызылорда облусундагы мектептердин биринин төрт окуучусу классташынын уюлдук телефонун тартып алып, анын жардамы менен эскорт кыздардын интернет-платформасына катталган. Мындан кийин мектеп окуучулары классташын акча үчүн жыныстык катнашка мажбурлашкан. Ал эми баш тартууга аракет кылганда жашы жете элек кызды жылаңач тартылган видеосу менен шантаж кылышкан.

Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон эркектер анын уюлдук телефон номерине байланган банк эсебине акча которушкан. Акыркы алты айда мындай которуулар миңден ашкан. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жаш сутенерлер классташынын эсебинен айына алты миң доллардай киреше табышкан.

Бул убакыттын ичинде сексуалдык кулчулуктун курмандыгы – окуучу кыз ата-энесине кылмыш тууралуу кабар берүүдөн корккон. Бирок окуучу кыздын апасы кызынын зомбулукка кабылганын билип калып, полицияга кайрылган. Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, анын ичинде билим берүү кызматкерлери аялдан бул окуяны коомчулукка жарыялабоону суранышкан.

«Мага Ички иштер департаментинин башчысы телефон чалды: “эмнеге ЖМКга кайрылып жатасың, эмнеге жаңжалды шаардын сыртына чыгарып жатасың? Баарын ушул жерден чебебиз», – деди. Ал мага кылмыш ишин козгоо боюнча ишти алып барган тергөөчүгө көрсөтмө берди», – жабырлануучу кыздын апасы.

Бирок кыздын окуясы баары бир коомчулукка белгилүү болуп, бул ишти өлкөнүн Акыйкатчысы көзөмөлгө алган. Кылмыш иши иликтенип жатат, кыз медицинадык жардам алууда.

Алгач сот төрт шектүү тең абакка эмес, үй камагына алынган. Бирок окуя ачыкка чыккандан кийин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үч айыпталуучуга карата камакка алуу чечими чыккан. Өспүрүмдөр жашы жете элек кызды сойкулукка азгырган деп айыпталууда. Кылмыш ишинде жаш сутенерлердин ата-энелери да айыпталуучу болуп калышты.

Жабыркаган кыздын апасы өзүнүн жана кызынын өмүрү үчүн коркуп жатканын айтууда. Аялдын айтымында, анын үйүнө адамдар – шектүүлөрдүн жакындары көп келип, айыптоодон баш тартууга көндүрүүгө аракет кылышууда.

XS
SM
MD
LG