Социалдык түйүн колдонуучулары аскердик комиссариаттардын жана полициянын кызматкерлери көчөдө бара жаткан өспүрүмдөрдү кармап кетип жатканын жазууда.
Полиция өспүрүмдөрдүн бирин күч колдонуу менен кармап жаткан видео Казакстандын батышындагы Актөбө шаарында тартылган. Анын автору полиция кызматкери өспүрүмдү жерге түртүп, сөгүп жатканын айткан.
Дагы бир соцтүйүн колдонуучусу аскер кызматкерлери көчөдөгү өспүрүмдөрдүн документтерин текшерип жаткан учурду видеого тартып алган.
"Бул автоунаада отурган кишилер жолдон өспүрүмдөрдүн баарын токтотуп, документтерин текшерип жатышат. Маалыматтарын салыштырып, айрымдарын армияга алып кетүүдө. Мунун баарын аскер кызматкерлери жасап жатышат. ИИМ, силер өз ишиңерди аткарып жатасыңарбы?", – деген видеонун автору.
"Бул жерде аскердик комиссариаттардын кызматкерлери көчөдө жүргөн эле балдарды кармап кетип жатышат. Полиция кызматкерлерин чакыргыла да, ошолор менен чогуу иштешиңер керек го. Жашаган жерине аскерге чакыруу жөнөттүңөр беле? Чет өлкөгө бараткан бул баланы поездден түшүрүп калып жатасыңар", – деген өспүрүмдөрдү аскерге алып кетүү учуруна күбө болгон тургундардын бири.
Казакстандын Коргоо министрлигинен аскерге баруудан качкандар менен башкача иштешүү мүмкүн болбой жатканын билдиришти. Алардын айтымында, аскер курагындагылардын көбү чакыруу боюнча комиссариаттарга барбай, башка даректерде жашап, көчүп кеткенде жаңы дареги боюнча аскердик каттоого турбай коюуда.
"Аскер курагындагы жарандар аныкталган учурда алар макамын тактоо үчүн комиссариаттарга жеткирилет. Аскерге барууга болбойт деген мыйзамдуу негиздери болсо үйлөрүнө кое берилет. Жок болсо медициналык комиссиядан өтүшөт. Анын жыйынтыгында жарактуу деп табылса армияга жөнөтүлөт", – деди Мобилизациялык иштер боюнча департаменттин башчысынын орун басары Руслан Омаров.
Ал милдеттүү аскерде кызмат өтөөдөн качкандар үчүн 8 миң доллар өлчөмүндө айып пул каралганын, армияга баруудан көп жылдан берип качып жүргөн болсо бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы бар экенин кошумчалады.
Бирок мындай чараларга карабастан, жаштардын көбү түрдүү себептерден улам армияда кызмат өтөөнү каалашпайт.
Былтыр жылдын аягында аскер бөлүгүндө белгисиз жагдайларда жаракат алган Ербаян Мухтар аттуу жоокер январдан бери комада жатат:
Жакындары Ербаянды бирге кызмат өтөгөн жоокерлер сабаганын айтып жатышат: анын денесинде ур-токмоктун белгилери болгон. Текшерүү учурунда муруну сынып, мээси чайкалганы аныкталган.
Өз кезегинде аскер бөлүгүнүн жетекчилиги Ербаян ажатканада кокустан кулап кетип жаракат алганын билдирүүдө.
Казакстанда аскерге жазгы чакыруу өнөктүгү июндун соңунда аяктайт.