Агенттиктин маалыматына караганда, бул факты боюнча Коргоо министрлигинин жана башка мамлекеттик мекемелердин 52 жооптуу кызматкерине кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө алардын тогузу Жогорку соттун кароосуна жөнөтүлдү.
Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин Тергөө башкармалыгынын башчысы Насриддин Низомзоданын айтымында, уурдалган каражат аскерлердин тамак-ашы, кийими жана өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.
"Бүгүнкү күндө 123 миллион сомониден ашык сумманын 93 миллион сомониси мамлекеттик бюджетке кайтарылды", - деди Низомзода.
Агенттиктин билдирүүсүндө бул иш боюнча кармалгандардын аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес.
Тажикстан Transparency International эл аралык уюмунун жемкорлук боюнча жарыялаган акыркы баяндамасында 180 өлкөнүн ичинен 162-орунга жайгашкан.