Ссылки доступа

Орусияда жыл соңунда 130 миң таксист жетишсиз болот


Орусияда таксисттердин жетишсиздиги 2024-жылдын аягына чейин 130 миң адамды түзөт. Мындай божомолду Чыгыш экономикалык форумунун  жүрүшүндө"Яндекс Go"  компаниясынын мамлекеттик органдар менен иштөө боюнча директору Антон Петраков билдирди.

Анын айтымында, буга башка нерселер менен катар миграциялык саясаттын жана таксилердеги тартиптин катаалдашы себеп болууда.

«Айдоочулар кирешеси салыштырмалуу жакшы, бирок талаптары жана чыгашалары аз башка аймактарга кетип жатышат», - деди Петраков.

Айдоочулардын жетишсиздиги таксилердин баасын көтөрүүдө. Күз жана кыш айларынын таксиге суроо-талап жогорку сааттарында тариф «ондогон пайызга көтөрүлүшү мүмкүн» деп баса белгиледи Петраков.

Буга чейин “Агентство” мигранттардын иштөөсүнө Орусиянын аймактарынын үчтөн биринде, ошондой эле Орусия аннексиялап алган Крымда чектөө киргизилгенин эсептеп чыккан. Көбүнчө мигранттарга таксиде иштөөгө тыюу салынган. Мындай тыюу 27 аймакта күчүндө.

2023-жылдын октябрында Мамлекеттик Думага мыйзам долбоору сунушталып, ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга мектептерде, фармацевтика тармагында, мамлекеттик медициналык мекемелерде, такси жана жүк ташуу тармагында иштөөгө федералдык деңгээлде тыюу салуу сунушталган.

2023-жылы ноябрда Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой Орусиянын “мигранттарга карата пассивдүү позициясына” өкүнүп жатканын билдирген. Ал айрым постсоветтик республикалардан келгендерге курьер, таксист жана сатуучу болуп иштөөгө тыюу салууну сунуштаган.

“Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык маанай күчөдү. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо кызматкерлери чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине рейд жүргүзө башташты. Кээ бир учурларда мигранттар аскер комиссариатында каттоого алынган.

XS
SM
MD
LG