Ссылки доступа

Тажикстанда айыл тургундары өз каражатына оорукана куруп жатышат (видео)


На севере Таджикистана жители села своими силами строят больницу: сейчас в селе нет даже амбулатории.
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Тажикстандын түндүгүндөгү Калаи Дуст айылынын тургундары өз каражатына ооруканага куруп жатышат. Долбоорго ылайык, имарат эки кабаттуу болуп, биринчи кабатында төрөткана, экинчисинде балдар бөлүмү жайгашат.

"Долбоор боюнча имарат 16 палатага ылайыкталат. Биринчи кабаты төрөткана, экинчиси 12 жашка чейинки балдар үчүн оорукана болот. Бул иш Орусияда иштеп жүргөн мигранттарыбыздын демилгеси менен башталды. "Курулушту баштагыла, биз каржылап беребиз" деп айтышты. Аларга ыраазычылык билдиребиз", – деди Аслиддин Тожизода аттуу айыл тургуну.

Учурда эки миң адам жашаган айылда амбулатория да жок. Келиндер көз жаруу үчүн коңшу айылган барууга аргасыз болушат.

"Жакынкы амбулатория беш чакырым алыстыкта жайгашкан. Ийне сайдыруу үчүн такси менен беш чакырым жерге барууга аргасызбыз. Оорукана курулуп бүтсө баары бул жакта болуп калат", – деп кошумчалады Тожизода.

Жергиликтүү тургундар оорукана курулуп бүткөндөн кийин аны мамлекеттин балансына өткөрүп беришерин жана бийлик аны бардык керектүү адистер менен камсыз кылат деп үмүттөнүп жатышканын билдирүүдө. Алардын айтымында, айыл дарыгерлерге өтө муктаж.

Жергиликтүү ишкерлер эмгек мигранттары менен бирге курулушка кете турган 740 миң долларлык чыгымдын жарымын топтоп коюшту.

"Айылдык комитеттин эсебине бул сумманын жарымы топтолду. Биздин жаштар имараттын курулушун президенттин туулган күнүнө (5-октябрь) чейин бүткөрүүгө ниеттенип жатышат", – деди Илхом Хожибоев аттуу тургун.

Оорукананын курулушу үчүн болжол менен 30 сотых жер тилкеси бөлүнгөн. Айрым жашоочулардын айтымында, тургундар акча чогултканга чейин жергиликтүү бийлик жердин бир бөлүгүн жеке курулушка берип жиберген. Айыл жашоочулары азыр аткаминерлердин бул чечимин жокко чыгарып, жерди коомдун пайдалануусуна кайтарууга аракет кылып жатышат.

"Коомдук имараттар үчүн каралган жерлерди жеке курулушка берип жаткан район башчысына жамааттык арыз жазабыз. Келечекте бул жерге балдар бакчасы да курулса дейбиз. Аялдардын жумушка орношуусу үчүн балдар бакчага барышы керек", – деди айылдын Оча Нуриллоева аттуу тургуну.

XS
SM
MD
LG