Ссылки доступа

Түркмөнстанда респиратордук оорулар күч алды


Ашхабад шаарындагы ооруканалардын бири (архив сүрөт)
Ашхабад шаарындагы ооруканалардын бири (архив сүрөт)

Түркмөнстанда кайрадан респиратордук оорулар күч алды. Кайрылган бейтаптар көп болуп жаткандыктан, Ашхабаддагы ооруканаларда орундар жетишсиз болууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

"Респиратордук вирустук оорулар менен кайрылгандар көбөйгөндүктөн, ооруканалар толуп калды. Бардык бейтаптарды кабыл алуу мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан айрымдары үйгө дарыланууга жөнөтүлүп жатат", – деди шаардагы ооруканалардын биринин аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери.

Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, акыркы апталарда дем алуу органдарындагы ооруларга байланыштуу ооруканага кайрылгандар кескин көбөйдү.

"Респиратордук оорулар менен келген бейтаптар көп болуп, ооруканаларда орундар жетишсиз болууда. Мындан улам оорулары жеңил бейтаптар үйлөрүндө дарыланууга жөнөтүлүп жатат. Анткени бул жакка абалы оорлор гана кабыл алынууда жана алардын бир канчасы өлүп калууда. Ошол эле маалда бейтаптардын өлүмүнүн себептерин вирус менен байланыштырууга тыюу салынууда", – деди дарыгерлердин бири.

Анын айтымында, респуратордук оорулар балдардын арасында да кеңири жайылып, балдар ооруканаларында да орундар жетишсиз болууда.

Оорулардын жалпы статистикасы боюнча маалыматтар жарыяланбаган Түркмөнстанда сасык тумоо жана респиратордук вирустар боюнча абал да ачык талкууланбайт.

XS
SM
MD
LG