Ссылки доступа

Тажикстанда ата-энелер менен мигранттар мектеп курулуштарын өз алдынча бүткөрүүдө


Тажикстандын Согд облусунун тургундары менен четте жүргөн эмгек мигранттары аймактагы 40тай мектепти өз эсептеринен оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө. Деваштич районунда ашар жолу менен мектепке кошумча класс салгандар да бар.

Калктын көбөйүшүнөн улам жергиликтүү орто мектептер кошумча класстарга муктаж болууда. Жумушчулар курулуш иштерин жаңы окуу жылы башталганга чейин бүткөрүүнү убадалап жатышат. Чыгымдын баарын окуучулардын ата-энелери менен чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары өздөрүнө алышкан.

"Ашарга жергиликтүү тургундар, педагогикалык жамаат жана дыйкандар катышууда. Бардык иштерди жаңы окуу жылына чейин бүткөрүүнү пландап жатабыз. Кийинки жылы экинчи кабатын тургузалы деген ойлор бар", – деди Хусейнхон Каюмов аттуу мектеп мугалими.

Тиешелүү экспертизадан кийин адистер совет мезгилинде бир кабат болуп курулган бул мектептин үстүнө экинчи кабатын тургузууга уруксат беришкен.

Бул Деваштич районунда коомчулук мамлекет менен биргеликте социалдык долбоорлорду ишке ашырган алгачкы учур эмес. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, райондо быйыл тургундар менен мигранттардын эсебинен 40тан ашык мектеп оңдоп-түздөөдөн өткөрүлүүдө.

Мындан тышкары бир нече ишкер мектептерге кошумча класстарды куруп бере тургандыктарын билдирген.

Аткаминерлердин айтымында, райондо мамлекеттик бюджеттин жана эл аралык уюмдардын эсебинен бир нече мектептин курулушу жүрүүдө. Бирок алардын саны менен масштабын жергиликтүү тургундар менен эмгек мигранттары каржылап жаткан долбоорлорго салыштырып болбойт.

Бүгүнкү күндө Согд облусундагы 100дөн ашык мектеп капиталдык оңдоого же кошумча класстарга муктаж. Орундардын жетишсиздигинен улам айрым мектептерде окуучулар үч нөөмөттө билим алууга аргасыз.

XS
SM
MD
LG