Ссылки доступа

Тажикстанда доллардын курсу төмөндөп жатат (видео)


В Таджикистане падает курс доллара
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Тажикстанда акыркы бир айдын ичинде доллардын сомониге карата расмий курсу 1,5 пайызга төмөндөдү.

Тажикстан Улуттук банкынын "Озоди" радиосуна жөнөткөн жообунда майдын башында бир доллар 10 сомони 90 дирам болсо, азыр америкалык валюта үчүн 10 сомони 74 дирам гана берилип жатканы жазылган. Мекеме муну өлкөдө доллардын көбөйгөнү жана орус рублинин бекемделиши менен түшүндүрүп, бул сезондук гана көрүнүш экенин белгиледи.

Бирок айрым экономисттер доллар курсунун төмөндөшүн Орусиянын өнөктөштөрү менен орус рублин колдонуп эсептешкен учурлары көбөйгөнү жана мунай баасынын төмөндөшү менен байланыштырып жатышат. Тажикстандын Экономикалык изилдөөлөр институтунун кызматкери Бахром Шарифзода бул процесс тажик экономикасы үчүн түрдүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгилөөдө.

"Мунун жакшы да, жаман да жактары бар. Жакшы жагы, сомонинин сатып алуу мүмкүндүгү көбөйөт. Ошол эле маалда Тажикстанга каражат салып жаткан инвесторлорго жаман болот. Доллардын арзандашы алардын мотивациясын төмөндөтөт. Анткени алар долларга аз товар сатып алып, айлык акыны аз төлөп, Тажикстандагы инвестициялык долбоорлору аз киреше алып келип калат", – деди Шарифзода.

Ал доллар курсунун төмөндөөсү узак мөөнөткө созулса, Тажикстандагы чет өлкөлүк инвестициялар азайып, ата мекендик товарлар сырткы базарларда атаандаштыкка туруштук бере албай калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Тажик бийлиги доллар курсунун төмөндөшүн улуттук валютанын турукташканы менен байланыштырып жатканына карабастан, жалпысынан Тажикстандын валюта базары рублдин, доллардын жана кытай юанынын курсуна өтө көз каранды.

XS
SM
MD
LG