Тажик бийлиги Фархор районунда 19 жаштагы жоокер Хакимжон Самадов өз өмүрүнө кол салганын, аскердик бөлүктөгү командирлердин бири "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы үчүн" кармалганын билдирди. Окуя 5-июль күнү аскер кызматкери күзөт мунарасында нөөмөттө турганда болгон.
"Озоди" радиосунун коопсуздук күчтөрүндөгү эки булагы жоокердин ээгине ок тийгенин жана "алдын ала тергөө ал өз жанын кыйган деген тыянакка келгенин" кабарлады.
Бирок маркумдун жакындары расмий версияга ишенбей, окуянын тыкыр иликтенишин талап кылып, аскер прокуратурасына арыз жазышкан.
Жоокердин атасы уулу кыйноодон улам өлгөнүн, анын денесинде көгала тактар болгонун айтууда.
"Эгер ал өз жанын кыйса, кантип өзүн эки жолу атып алмак эле? Бир ок алкымдан өтүп, экинчиси мурундан чыккан. Биз мунун баарын видеого тартып алдык жана иликтөөнү талап кылабыз", - дейт Халимжон Самадов.
Хакимжон Самадов Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарына былтыр күзүндө чакырылган.
Тажикстандын Акыйкатчысы жылдык баяндамасында 2023-жылы аскердик бөлүктөрдө 40 жоокердин өлүмү катталганын билдирген.