Каза болгондор негизинен сел жана жер көчкүнүн курмандыктары. Суу жана баткак агындары көпүрөлөрдү бузуп, кишилерди, автоунааларды агызып, айрым учурда бүтүндөй айылды каптады. 50 миңдей адам эвакуацияланды, өлкөнүн жарымында мектептер жабылды. Жабыркаган аймактарда ичүүчү суу жана тамак-аш тартыш. Келтирилген зыян буга чейин ондогон миллион долларга бааланган.
Өлкөнүн борбору Ханой акыркы жыйырма жылдагы эң катуу суу ташкынын башынан кечирүүдө. Шаарда суу тизеге чейин жетип, тургундар кайыктар менен жүрүшөт.
"Яги" Вьетнамды акыркы 30 жылда каптаган эң күчтүү тайфун болуп калды . 7-сентябрда анын ылдамдыгы жээкте саатына 149 чакырымды түзгөн. Кийинчерээк шамал басаңдап, бирок өлкөнүн айрым аймактарында нөшөр дагы деле уланган. "Яги" Филиппинди, Кытайдын түштүк жээгин, Лаосту жана Мьянманы басып өтүп, ал жерде да курмандыктарга жана кыйроолорго себеп болгон.