Тажикстандын президентинин сайтында Олаф Шольц Рахмондун чакыруусуна жооп катары Германия Тажикстан менен энергетика тармагында, анын ичинде гидроэнергетикада жана башка “жашыл” энергия булактарында, тоо кендерин иштетүү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында, ошондой эле коопсуздук маселесинде кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.
«Биз дүйнөлүк немис компаниялары менен Тажикстандын кызматташуусун кубаттайбыз», - деп баса белгилеген Олаф Шольц.
Ошондой эле Германия Бадахшандагы “Тажикстан” жана “Себзор” электр станцияларын курууга, Нурек ГЭСин модернизациялоого катышканы белгиленген.
Рахмон Тажикстан Германия менен тил жана кесиптик билим берүү программаларын киргизүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин баса белгиледи.