Ссылки доступа

Зеленский: АКШ менен Кытай тынчтык үчүн пикир келишпестиктерди токтотушу керек


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Согуш Киев ойлогондой адилеттүү бүтүшү үчүн АКШ менен Кытай пикир келишпестиктерди токтотуп, Орусия менен сүйлөшүүлөрдө ортомчу катары бирге иштеши керек. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Bloomberg агенттигине берген маегинде билдирди.

Зеленский Бээжинди согушту токтотууда олуттуу роль ойной турганын, анткени Орусия Кытайдын экспорттук рыногунан көз каранды экенин айтты. Украинанын президенти муну менен Финляндиянын президенти Александр Стуббдун пикирине кошулду. Ал мурда Bloomberg агенттигине берген маегинде “Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин бир телефон чалуусу – Орусия менен Украинанын ортосундагы аскерий жаңжалды жөнгө салат” деп айткан.

Зеленский Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн ок атышууну токтотуу керек деген сунушун кабыл албаганын айтты. Зеленскийдин пикиринде, так план болбосо, ок атышпоо – жаңжалды токтотуу эмес, тоңдуруу дегенди билдирет. Украин лидери Орусия тыныгуудан пайдаланып, өз күчтөрүн топтоп, согуштук аракеттерди кайра башташы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.

Киев Москва менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шарттарынын бири катары орус аскерлерин 1991-жылдагы чек арадан, анын ичинде аннексияланган Крымдын чегинен тышкары чыгарып кетүүнү талап кылууда. Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоодон мурда ал басып алган аймактар эске алынышы керектигин айтууда. Кремль ошондой эле Украина НАТОго кирүүдөн баш тартышы зарыл деген позициясын бекем карманууда.

XS
SM
MD
LG