Ссылки доступа

Тажикстанда "Группа 24" кыймылынын активисти 10 жылга соттолду


Билол Курбоналиев
Билол Курбоналиев

Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын мүчөсү Билол Курбоналиевди 10 жылга эркинен ажыратты.

Маалыматка караганда, өкүм быйыл февралдын аягында эле чыккан, бирок "Озоди" радиосунун соттогу булагы маалыматты 11-апрелде гана ырастады.

Исмоили Сомони райондук сотунун аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, Курбоналиев "кылмыштуу топ түзүүгө" күнөөлүү деп табылды. Азырынча сотто ал күнөөнү мойнуна алган-албаганы белгисиз.

"Озоди" радиосу Курбоналиевдин жакындары жана адвокаты менен байланыша алган эмес. Соттон ага карата өкүм чыкканынан башка эч кандай маалымат беришкен жок.

2023-жылы декабрдын башында "Группа 24" кыймылы Германияда немис бийлигинин чечими менен Тажикстандын жараны Билол Курбоналиев кармалып, 24-ноябрда мекенине экстрадицияланганын билдирген. Ал октябрда Германияда жүрүү эрежесин бузганы үчүн кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк Тажикстандын Башкы прокуратурасы Курбоналиев Душанбедеги тергөө абагында экенин ырастап, ага каршы "Кылмыштуу топ түзүү" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Билол Курбоналиев Германияда 2022-жылдан бери жашап жүргөн. Бул өлкөдө анын качкын макамы болгон эмес.

"Группа24түн" маалыматына караганда, Курбоналиев 2023-жылы күзүндө тажик президенти Эмомали Рахмондун 29-сентябрдагы Германияга сапарына каршы Берлинде өткөн нааразылык акциясына катышкан.

Тажикстандык оппозициялык уюмдар немис бийлигин Курбоналиевди Душанбеге өткөрүп бербөөгө чакырып, мекенинде ал камакка алынып, кыйноого жана катаал мамилеге кабыларын билдиришкен.

Ал арада акыркы айларда "Группа 24" кыймылынын Түркияда жашаган эки активисти – Сухроб Зафар (9-мартта жоголгон) менен Насимжон Шарипов (23-февралда жоголгон) дайынсыз болууда.

Тажикстанда "Группа 24" кыймылы Жогорку соттун 2014-жылдын октябрындагы чечими менен "экстремисттик уюм" деп табылып, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Анын алдында кыймыл элди авторитардык президент Эмомали Рахмондун режимине каршы митингдерге чыгууга чакырган. Жогорку соттун бул чечиминен кийин Тажикстанда масштабдуу репрессиялар башталган.

XS
SM
MD
LG