Маалыматка караганда, 1-августтун таңына карата колдонуучулардан келген даттануулар 800гө жетип, алардын саны тездик менен өсүп жатат.
"Сбой РФ" белгилегендей, YouTube'дун ишине байланыштуу даттануулар Москва, Санкт-Петербург шаарларында жана Новосибирск облусу менен Краснодар аймагында кескин көбөйгөн.
Колдонуучулар кадимки браузерлерде, ошондой эле iOS жана Android операциялык системаларында видео көрүүдө көйгөйлөр жаралганын айтышууда.
Июлда Мамдуманын депутаты Александр Хинштейн бийлик компьютер жана ноутбуктар үчүн YouTube'дун ылдамдыгын 70% төмөндөтүүнү караштырып жатканын билдирген. Ал бул аргасыз кадам экенин белгилеп, сервистин жетекчилиги "орус мыйзамдарын бузуп жатканын" айткан.
Орусия Украинага кол салгандан кийин YouTube кремлчил каналдардын көбүн бөгөттөгөн. Ошол эле маалда оппозициялык медиалар видео-хостингдеги ишин улантып жатышат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарын YouTube'дан баш тартып, Rutube'ду өздөштүрүүгө чакырган.